Ат-Башы районунун С.Андабеков атындагы маданият үйүнүн алдында түзүлгөн “Жанар” бийчилер тобунун мүчөсү Мирбекова Жанара 2026-жылдын 29-мартында Казакстан өлкөсүнүн Алматы шаарындаболуп өткөн “Жулдуздар достыгы” аттуу эл аралык эстафеталык конкурста “Ак Бакай” бийи менен I орунду багындырды.
Жаш талантуу бийчи Мирбекова Жанараны чын жүрөктөн куттуктап, бий ириминин жетекчиси Жыпар Абдыбековага терең ыраазычылык билдиребиз!
Ар дайым талантың менен ийгиликтерге жетип, бийиктиктерди багындыра бер!
