Район тууралуу жалпы маалымат
Ат-Башы району – Кыргызстандын Нарын облусунун түштүк бөлүгүндө административдик-аймактык бирдик. 1930-жылы уюшулган. Түштүк жана түштүк-чыгышынан Кытай,чыгышынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, түндүк-батышынан Ак-Талаа, батышынан Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа райондоруу менен чектешет. Аянты19,1миң км2 Борбору-Ат-Башы кыштагы.
Климаты
Климаты кескин континенттик. Июлдун орточо температурасы дыйканчылык өрөөндөрүндө 12-18 С (Аксай өрөөнү ). Орто Азиянын “суук уюлу” Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрдө 300-350мм, тоолордо 400-450 мм. Кышы 5-8 айга созулуп, кар 20-30 см калыңдыкта түшөт. Ат-Башы кырка тоосунда, Какшаал, Фергана тоо тизмектеринде, Арпа, Чатыр-Көл, Аксай өрөөндөрүндө түбөлүк тоң жатат.
Калкынын негизгин кыргыздар (96%) түзөт. ошондой эле өзбек, уйгур, дунган, татар, казак ж.б улут бар. Райондо негизинен мал чарбасы өнүгүп, айыл чарбадан алынган продукциянын 60%тен ашыгын өндүрөт. Өрөөндөрүнүн бир аз гана бөлүгү дыйканчылыкта пайдаланылып, көбү жайыт болуп пайдаланат.


