КӨП БАЛАЛУУ ЭНЕЛЕРГЕ “БААТЫР ЭНЕ” ОРДЕНИ ЖАНА “ЭНЕ ДАҢКЫ” МЕДАЛДАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ
2026-жылдын 30-июлунда Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаев райондогу жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдарын салтанаттуу түрдө тапшырды. Ошондой эле сыйлык ээлерине Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын атынан баалуу белектер ыйгарылды. Кыргыз Республикасынын Президентинин көп балалуу энелерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыгына ылайык…