АТ-БАШЫДА АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН 200 ҮЙ-БҮЛӨГӨ АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРДАМЫ КӨРСӨТҮЛДҮ

2026-жылдын 23-июль күнү Ат-Башы районунда Катар-Черити кайрымдуулук уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын “Азык-түлүк коопсуздугун колдоо” долбоорунун алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө райондогу 200 аз камсыз болгон үй-бүлөгө күнүмдүк керектелүүчү азык-түзүк салынган баштыкча, суу май жана ун таратылды. Бул жардам социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарды колдоого жана…

Толук окуу…

СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА: МАССАЛЫК ТАЗАЛОО ЖАНА СУГАТ КАНАЛДАРЫН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Бүгүн, 2026-жылдын 16-июлунда Ат-Башы районунда Орто-Кайыңды коктусунан келген селдин кесепеттерин жоюу боюнча кеңири масштабдагы тазалоо жана калыбына келтирүү иштери улантылды. Анын алкагында жол жээктериндеги таштандылар, отун калдыктары жана сел алып келген акыр-чикирлер тазаланып, Ача-Кайыңды жана Баш-Кайыңды айылдарын сугат суу менен камсыз кылган каналдардын 500 метрден ашуун бөлүгү калыбына келтирилди. Ошондой…

Толук окуу…

РАЙОН АКИМИНИН АК-МУЗ АЙЫЛЫНДАГЫ ЖАРАНДАРДЫ КӨЧМӨ КАБЫЛ АЛУУСУ.

2026-жылдын 16-июль күнү Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаевдин көчмө кабыл алуусу Ак-Муз айылында болуп өттү. Кабыл алууда жалпы 21 жаран кайрылып, алардын негизги бөлүгү жер маселелерине байланыштуу суроолорду жана сунуштарды көтөрүштү. Ошондой эле инфраструктураны жакшыртуу, сугат суу, социалдык жана башка жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча да кайрылуулар айтылды. Көчмө кабыл…

Толук окуу…

ЖИБЕК-ЖОЛУ КАЛКТУУ КОНУШУНДА ТАЗА СУУ ДОЛБООРУ ИШКЕ АША БАШТАДЫ

Кара-Суу айыл аймагына караштуу Жибек -жолу (мурдагы Кирпичная) калктуу конушунда элди таза суу менен камсыздоо долбоору ишке ашырыла баштады. Бул маселе Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мухтар Шербаевдин жеринде эл менен болгон жолугушууларында тургундар тарабынан бир нече ирет көтөрүлүп келген. Көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйдү чечүү максатында тиешелүү каржы…

Толук окуу…

КЕЗЕКТЕГИ КӨЧМӨ КАБЫЛ АЛУУ КАЛИНИН АЙЫЛЫНДА ӨТКӨРҮЛДҮ

2026- жылдын 15-июлунда Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мухтар Нурмаматович Шербаев Кара-Суу айыл аймагына караштуу Калинин айылында жергиликтүү тургундарды көчмө кабыл алды. Көчмө кабыл алууга райондук Кадастр мекемесинин, Суу чарба башкармалыгынын, Социалдык фонддун жетекчилери жана тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышып, жарандардын көйгөйлөрү жеринде каралды.

Толук окуу…

СЕЛДЕН ЖАБЫР ТАРТКАН ЖАРАНДАРГА АР ТАРАПТУУ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛӨТ.

2026-жылдын 12-июлунда Ат-Башы районунда катталган сел кырсыгынан жабыр тарткан жарандардын чыгымдары райондук мамлекеттик администрациясынын алдында атайын түзүлгөн комиссия келтирилген зыянга баа берүү иштерин жыйынтыктап, жабыр тарткан жарандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча тиешелүү чараларды ишке ашырууда. Ушул максатта Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында атайын кеңешме өткөрүлүп, селден жабыркаган жарандарга жардам  көрсөтүүнүн комплекстүү…

Толук окуу…

АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН АКИМИ АЙЫЛ АЙМАКТАРДЫН ТУРГУНДАРЫН ЖЕР ЖЕРИНДЕ КАБЫЛ АЛУУ БОЛУП ӨТТҮ

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мухтар Шербаев 2026-жылдын 9-июль Казыбек жана Жаңы-Күч айылдарынын жашоочуларын кабыл алса, 10-июль күнү Өзгөрүш, 1-Май жана Талды-Суу айылдарынын жашоочулары менен жеринде жолугушуп, жарандарды жеке кабыл алды. Кабыл алууга жалпысынан 28 жаран кайрылып, 43 маселе көтөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө айыл тургундары социалдык инфраструктураны жакшыртуу, жер маселелери, инженердик…

Толук окуу…

АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН АКИМИ М.Н.ШЕРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАКТАРДЫН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН КӨЧМӨ КАБЫЛ АЛУУ ӨТКӨРӨТ

2026-жылдын 9-июль күнү Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2026-жылдын 23-майындагы №181 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаев Казыбек жана Жаңы-Күч айылдарынын жашоочулары менен жеринде көчмө кабыл алуу өткөрөт.   9.07.2026-ж Казыбек, Жаңы-Күч айылдары               Кабыл алуучу жай: Казыбек айылынын маданият үйү. …

Толук окуу…

АТ-БАШЫДА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЛГАЧКЫ КАРТОШКА ЖАНА КАРТОФЕЛЬ ҮРӨНҮН САКТООЧУ АГРО БОРБОРДУН КУРУЛУШУНА МЕЗГИЛ КУТУСУ САЛЫНДЫ

2026-жылдын 3-июль күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Ат-Башы районунда өлкөдөгү алгачкы заманбап үрөн сактоочу агро борбордун курулушуна мезгил кутусу салынды. Долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Салтанаттуу иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи…

Толук окуу…

АК ХАЛАТЧАНДАРДЫН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ

2026-жылдын 3-июль күнү Ат-Башы районунда Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким М.Шербаев катышып, ак халатчандарды кесиптик майрамы менен куттуктады. Өз сөзүндө район башчысы медицина кызматкерлеринин адам өмүрүн сактоо, калктын ден соолугун чыңдоо жана коомдун бакубат жашоосун камсыз кылуудагы орду өзгөчө…

Толук окуу…