Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мухтар Шербаев 2026-жылдын 9-июль Казыбек жана Жаңы-Күч айылдарынын жашоочуларын кабыл алса, 10-июль күнү Өзгөрүш, 1-Май жана Талды-Суу айылдарынын жашоочулары менен жеринде жолугушуп, жарандарды жеке кабыл алды. Кабыл алууга жалпысынан 28 жаран кайрылып, 43 маселе көтөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө айыл тургундары социалдык инфраструктураны жакшыртуу, жер маселелери, инженердик коммуникациялар жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүнө байланышкан бир катар көйгөйлүү маселелерди ортого салышты.
Район башчысы ар бир жарандын кайрылуусун кылдат угуп, мыйзам чегинде түшүндүрмөлөрдү берди. Жарандардын кайрылуусунда айтылган маселелер боюнча тиешелүү жетекчилер менен жеринде барып көрүп, ыкчам чечимдер кабыл алынды. Мындай жеринде кабыл алуулар эл менен бийликтин ортосундагы байланышты чыңдап, жарандардын көйгөйлөрүн өз убагында чечүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуга өбөлгө түзөт.
