2026-жылдын 16-июль күнү Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаевдин көчмө кабыл алуусу Ак-Муз айылында болуп өттү. Кабыл алууда жалпы 21 жаран кайрылып, алардын негизги бөлүгү жер маселелерине байланыштуу суроолорду жана сунуштарды көтөрүштү. Ошондой эле инфраструктураны жакшыртуу, сугат суу, социалдык жана башка жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча да кайрылуулар айтылды.
Көчмө кабыл алууга Нарын облусунун Суу чарба башкармалыгынын жетекчилиги, Ат-Башы райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышып, жарандардын маселелери жеринде каралып тиешелүү жооптор берилди. Мындай көчмө кабыл алуулар элдин көйгөйлөрүн жеринде угуп, ыкчам чечүү жана мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.
