СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА: МАССАЛЫК ТАЗАЛОО ЖАНА СУГАТ КАНАЛДАРЫН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Бүгүн, 2026-жылдын 16-июлунда Ат-Башы районунда Орто-Кайыңды коктусунан келген селдин кесепеттерин жоюу боюнча кеңири масштабдагы тазалоо жана калыбына келтирүү иштери улантылды. Анын алкагында жол жээктериндеги таштандылар, отун калдыктары жана сел алып келген акыр-чикирлер тазаланып, Ача-Кайыңды жана Баш-Кайыңды айылдарын сугат суу менен камсыз кылган каналдардын 500 метрден ашуун бөлүгү калыбына келтирилди.

Ошондой эле жол боюнча топтолгон кум шагыл жана ылай-топурактар атайын техникалардын жардамы менен чыгарылып, аймак иретке келтирилди. Калыбына келтирүү ишине жалпы 6 даана атайын техника тартылып, тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Жооп калтыруу