АТ-БАШЫДА АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН 200 ҮЙ-БҮЛӨГӨ АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРДАМЫ КӨРСӨТҮЛДҮ

2026-жылдын 23-июль күнү Ат-Башы районунда Катар-Черити кайрымдуулук уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын “Азык-түлүк коопсуздугун колдоо” долбоорунун алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө райондогу 200 аз камсыз болгон үй-бүлөгө күнүмдүк керектелүүчү азык-түзүк салынган баштыкча, суу май жана ун таратылды. Бул жардам социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарды колдоого жана алардын турмуштук шарттарын жеңилдетүүгө багытталган. Мындай кайрымдуулук демилгелер муктаж үй-бүлөлөргө чоң жардам болоору шексиз.

Жооп калтыруу