БАЛЫК-СУУ ЖАЙЛООСУНДАГЫ “ШАХ-ТАЛ” ЖООПКЕРЧИЛИГИ ЧЕКТЕЛГЕН КООМУНУН МЫЙЗАМДУУ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

“Шах-тал” жоопкерчилиги чектелген коому Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилген №6308 АЕ лицензиясынын негизинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Аталган лицензияга ылайык, компания Ат-Башы токой чарбасына караштуу Булак-Суу жайлоосундагы чачылма алтын кенин иштетүү максатында 35 гектар жер аянтын мыйзамдуу негизде ижарага алып пайдаланууда.

Компания тарабынан жер пайдаланууга байланыштуу бардык талаптар аткарылып, токой жоготуулары үчүн төмөндөр толугу менен төлөнгөн. Ошондой эле ижара акысы белгиленген мөөнөттөрдө үзгүлтүксүз төлөнүп келүүдө. Бүгүнкү күндө “Шах-Тал” ЖЧКсы ишмердүүлүгүн лицензияда көрсөтүлгөн аймактын чегинде гана жүргүзүп, мыйзам талаптарын так сактоо менен иш алып барууда.

Жооп калтыруу