Ак-Моюн айыл аймагынын Бирлик айылында «Кылым паркы» уюштурулду. Район акими Эмилбек Абдыкадыров айыл аймакта болгон иш сапардын жүрүшүндө аталган паркта болду.
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Бирлик айылына 2018-жылы 5 гектар аянтты камтыган парк уюштурулуп, айланасы тосулуп, көчөттөр отургузула баштаган. Парк уюштурулган жылдан бери кара жыгач көчөтүнөн 2300 түп, Мырза терек 228 түп, Көк карагай (лиственница) 48 түп, Кызыл карагай (сосна) 24 түп отургузулуп, тигилген.
Бул паркка быйыл 2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата «Кылым паркы» ысымы ыйгарылып жаңы 34 түп ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулуп толукталды.
Мырза терек-12 түп, Кызыл карагай (сосна) -10 түп, көк карагай (лиственница) -12 түп отургузулган.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматы