Ат-Башы районунда 2024-жылдын жайкы туризми жыйынтыкталып, бул багыт боюнча быйылкы жылдагы аткарыган иштери жана алдыда аткарыла турчу өнүктүрүү пландары айтылды.
Иш-чара бир катар башка облустардын райондук администрация башчылары, акимдин орун басарлары, Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана коноктордун катышуусунда өттү.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Э.Абдыкадыров иш чараны ачып, Ат-Башы району экономикалык жактан бедели күчтү регионго айланат деген ишеним чоң экенин алтын , көмүр кен байлыктары бар, ошондой эле гидроэнергетикалык патенциалы бар, туризмди тартууга кооз, тарыхый жерлерге бай район экенин айтты.
2021-жылы райондун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлүп, жарандык коомдун өкүлдөрү, игкерлер менен бизнес ассоциациялардын өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барылган.
Өнүктүрүү планга 7 багытта иш алып баруу каралган. Алар;районду өнүктүрүү планында 7 класстер бар. Алар: Эт, сүт, бал, балык, дары чөптөр, карагат менен чычырканак жана туризм багыты.
Ар бир багыт боюнча ишкерлер, фермерлер, жарандык коомдун жана буга тиешелүү өкүлдөр менен бирге жыйындарды уюштуруп, сунуш-пикирлер алынып иштер жасалган.
Анын ичинен туризмди өнүктүрүү, шарт түзүү боюнча бир катар иштерди аткаруу каралып, жыйынтыгында, былтыркы жылы 2 милн. 300 миңдей салык түшсө быйылкы жылы мындан жогору салык чогуларын, ошондой эле тейлөө сапаты, жарнамалоо алдыга жылып, туристтердин саны жыл сайын өсүп келе жатканын баса белгилеп өттү.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрацтясынын башчысы-акимдин орун басары Жылдыз Жантелиева райондо жасалып жаткан иштерден толук маалымат берип, канда жолдор менен жасалып, эмнелер эске алынышы керектиги боюнча айтып өттү.
Андан соң Ат-Башы районундагы ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Сталбек Нарындыков буга чейин ишкерлердин башын бириктирүү, жол көрсөтүү максатында райондук мамлекеттик админстрациясы менен биргеликте ассоциация түзүлү
п, ага райондун ар тармактагы ишкерлер мүчө болгонун айтып, мамлекет тарабынан ишкерлерди колдоп жатканда ишкерликти кеңейтүүгө, ишкерликке аралашууга жакшы мүмкүнчүлу болуп жатканын айтты. Анын ичинен туризм тармагы дагы бүгүнкү күнү жанданып, бул тармакта иш алып барган ишкерлер меймандар үчүн шарттарды түзүү, тейлөө сапатын жакшыртуу иштерин жогорку аракет менен жасашканын айтты.

Андан соң район тарыхы, тарыхый жана кооз жерлери боюнча кенен маалыматтар берилип, тааныштырылды.
Иш чаранын жүрүшүндө атайын жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн азык-түлүктөрү, кол эмгектери көрнгөзмөгө коюлуп, жандуу мастер-класстар уюштурулган. Район акими келген конокторго райондон жасалып жаткан ишкерлердин эмгектерин тааныштырып жатып, туризмди өнүктүрүүнүн, чет элдик конокторду тартуучу, кызыктыруучу булактардын бири бул-кол өнөрчүк экенин белгилеп айтты.
Иш чаранын экинчи бөлүгү Ача-кайыңды айылындагы Жел тегирмен эс алуу жацында уланып, ал жердеги шарттар менен бирге табиятта эс алуучу коноктор үчүн табигый өстүрүлгөн мөмө-жемиш чычырканак көрсөтүлд.ү.
Райондун социалдык-экономикалык өсүүсүнө, туризмди өнүрүүгө салым кошкон ишкерлер райондук мамлекеттик админситрациясынын ардак грамота, ыраазычылык каттары тапшырылды.