АТ-БАШЫ РАЙОНУНДА КЛАССТЕРДИК ӨНҮГҮҮ КОЛГО АЛЫНУУДА

Бүгүн 5- декабрда Ат-Башы районунда класстердик өнүгүүнү комплекстүү колго алуу, келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча дыйкан фермерлер, ишкерлер катышкан жыйын болду.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А. Сапаров, Ат-Башы районунун акими Э.Абдыкадыров, облусттук финансы экономикалык, кредиттик мекемелердин жетекчилери, Ат-Башы ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси, Балыкчы “Дордой” эт комбинатынын жана балык өндүрүү ишканасынын жетекчилери катышты.
Жыйында А. Сапаров облуста класстердик долбоорлорду колдоого он жылга чейин 2 пайыздык каражат алуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин, бул багытта келечектүү долбоорду сунушташса, колдоо болоорун кеңири түшүндүрдү. Ар бир класстер боюнча биргелешкен аракеттерди кылууга чакырды.
Район башчысы Э. Абдыкадыров райондо эт, сүт, бал, балык, мөмө жемиш (чычырканак, карагат), даары чөп жана туризм класстерлери түзүлүп, ар бир класстер боюнча ыргактуу кадамдар жасалып, келечектүү максаттар коюлуп жаткандыгын белгиледи.
Жыйынга катышкан ишкерлер, дыйкан фермерлер олуттуу ойлорун ортого салып, бизнес идеяларын ортого салышты.
Мамлекет тарабынан ишкердүүлүктү, класстердик өнүгүүнү колдоо боюнча абдан жакшы шарттар, мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жаткандыгы белгиленди.
Балыкчы Дордой эт комбинатынын, балык өндүрүү ишканасынын жетекчилери биргелешип ири долбоорлорду ишке ашырууга, ири көлөмдө экспортко чыгууга сунушташып, , Ат-Башы ишкерлерин кызматташууга чакырышты.
Жыйынтыгында класстердик өнүгүүгө келечектүү максаттар, багыттар, биргелешкен кадамдар, аракеттер аныкталды.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы

Жооп калтыруу