Ат-Башыда 3-декабрь- Эл аралык майыптар күнүнө карата ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга салтанаттуу кече менен бирге сый тамак уюштурулду.
Иш чарада Ат-Башы райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери жана райондук балдар искусство мектебинин окуучулары ыр-бийлерин аткарып майрамдык маанай тартуулашты.
Андан соң майыптыгы бар таланттуулар Ат-Башы райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери жана райондук балдар искусство мектебинин окуучулары менен бирге ыр аткарып, комуз күүсүн жаңыртышты.
Иш чара Ат-Башы районунун акими Эмилбек Абдыкадыров, КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотованын катышуусунда өттү.
Район акими Э.Абдыкадыров өз сөзүндө мүмкүнчүлүгү чектелсе да көп ийгиликтерди жаратып, тагдырдын сыноосуна сынбай жакшы жашоого умтулуусу менен башкаларга үлгү болушаарын айтып ар тараптан активдүү болгон талантууларга ыраазычылык каттарын тапшырды.
Ал эми КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова мүмкүнчүлүгү чектелгендерди коргоо күнү менен куттуктап, атайын кат менен кайрылып, муктаждыгын сураган кызга кол араба белек кылды. Ошондой эле эл менен тыгыз иштешип, өз кесибинде мыкты иш алып барган социалдык кызматкерлерге Ардак грамоталардын тапшырды.














