Бүгүн, 17-декабрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган “Улуу тоодо – улуу тарых, улуу нарк” аталышында форум өтүүдө.
Форумга облус жетекчилиги, белгилүү жазуучулар, тарыхчылар, санжырачылар, изилдөөчүлөр, профессорлор, тилчилер, манасчылар чакырылган.
Иш-чара алгач Манастын Кошойго жолугушуусун сахналаштырылган сценкасы менен башталып,
“Манас” эпосундагы Ат-Башы жеринин орду, тарыхий жерлердин баалуулуктары жөнүндө, улуу тоодо кыргыз наркынын, Ат-Башы районунун кыргыз тарыхындагы орду, райондун тарыхый жерлери боюнча илимий изилдөөлөрдөн баяндама жасалып, маалыматтар берилди.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эмилбек Абдыкадыров ачып, форумдун негизги максаты Кошой атабыздын, Кошой-Коргондун, Чеч-Дөбөнүн, жалпы Ат-Башы жергесинин кыргыз тарыхындагы ордун терең талдап, илимий тастыктап муундан муунга улуу тарыхыбыздын башаты катары өткөрүп берүү экенин, азыркы мезгилде элибизге жаңы көз караштарды, ойлорду сунуштабастан элдин көкүрөгүнө уюган улуттук тарыхыбызды, нарктуулукту кайра калыбына келтирүү зарылчылыгы болуп жаткандыгын баса белгилеп өттү.
Ошондой эле форумга катышкан Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу ата-бабалардын күч аракети менен кыргыз эли, тарыхтагы орду сакталып келечек муунга өтүп келе жатканын айтып, калкынын саны аз болсо да саз болгон, эгемендүүлүгү, улуттук атрибуттары бар, улуу тоону мекендеген кыргыз улуту бактылуу эл экенин баса белгиледи. Ошондой эле акыркы жылдары мамлекет тарабынан мамлекеттик идеологияга маани берилип жатканын жана ал максаттарды ишке ашырууга каражаттар каралып жатканына токтолуп, тарыхты даңазалап, нарак-насилди, маданиятты карманган эл болууну тилек кылды.
Мындан сырткары алдыда тарыхий комплекс куруу пландалып жатканын район жетекчиси менен бирге бул иштин ишке ашырылуусуна аракеттер көрүлөөрүн айтты.
Андан соң, Улуттук «Манас» театрынын директору жашманасчы Н.Талантбеков “Манас эпосундагы Ат-Башы жергесинин орду” жөнүндө баяндама жасап, «Манас» эпосунанүзүндү айтып өттү.