Районубуздун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, элдин саламаттыгына, билим берүүгө, айыл чарбасына жана башка ар тармактан өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон инсандарыбызды эскерүү менен алардын эмгегин баалап, коомго, келечек муунга таанытуу максатында “Эмгегин элине арнаган инсан” аталышындагы рубрикабызда тартуулап жаткан каармандарыбыз, үлгүлүү инсандардын эмгек жолу, окурмандарга, жаштарга жана келечек муундарга үлгү болуп, мекенчил, өз ишин так аткарган, таза эмгек менен эл-жерине кызмат кылууга дем берет деген ишеничтебиз.
Бул жолку каарманыбыз, Ак-Муз айылынын тургуну, «Эмгек ардагери», Кыргыз Республикасынын алдында «өзгөчө эмгек сиңирген» персоналдык пенсионер Алтыбай Турдубаев 1952-жылы 15-мартта Ак-Муз айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1958-жылы Кызыл-Аскер орто мектебине кирип, 1969-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Куйбышев атындагы Колхозго мүчө болуп кирип, турмушундагы эмгек жолун катардагы колхозчу болуу менен баштаган. 1971-1973-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөп келген. 1974-жылдан баштап жогоруда аты аталган колхоздо талаачылык боюнча уюштурулган звенодо «Звено башчысы» болуп иштей баштайт. Талаачылыкта талыкпай эмгектенгендигинин натыйжасында түшүмдүүлүк жылдан-жылга жогорулап отуруп, башкача айтканда, жеке өзүнө бекитилген 100 Га аянттан дан эгиндерин ар гектардан 71 центнерден арпа, көп жылдык чөптүн ар гектарынан 156 центнерден түшүм жыйнап райондук эле эмес, облустук дещгээлде рекорддук көрсөткүчкө жетет.
Кубаттуу СССР тарап, мамлекетибиз экономикалык оор абалда турган убакта, 1994-жылы жеке ишкерликке өтүп, аз да болсо айыл элин азык-түлүк менен камсыздап баштаган. өмүрлүк жубайы Апышова Бейшебүбү экөө биргеликте кыйынчылыктарга каршы турушуп, көптөгөн кыйынчылыктарды артта калтырышкан. 2003-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда жайгашкан «Айкол» асыл тукум кой өстүрүү чарбасынан козуларды кочкору менен сатып келип, малды асылдандыруу максатындагы кадамдарды жасап баштаган. 2014- жылы мезгилдин талабына ылайыктап, «Ат жалы – Улук» Дыйкан чарбасын түзүп, мамлекеттик каттоодон өткөргөн. Көп өтпөй аталган Дыйкан чарба 2016-жылы мамлекетибиз тарабынан Асыл тукум мал өстүрүү субьекти статусун алган.
Каарманыбыз өзүнүн эмгек жолунда дайыма күжүрмөндүүлүк менен иштеп, ар дайым жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келген. «Эр эмгегин – жер жебейт» дегендей, жыл сайын жогорку түшүмдүүлүккө жетишип, колхоздун, өкмөт менен партиянын, жана жалпы эле коомчулуктун жогору баалоосуна, сыйлыктарына жана «Баба дыйкан» деген элдик наамга татыган.
Анын эмгегин баалоодогу эщ жогорку көрсөткүчтөрү болуп: 1976-жылы «Ардак белгиси» ордени, 1982-жылы «Эмгек Кызыл Туу» ордени, 1991-жылы «III даражадагы Эмгек Даңкы» ордендери эсептелет, 1977-жылы «Кыргыз ССР Жогорку Советинин» грамотасы, 1978-жылы ЦК ВЛКСМдын «Ардак грамотасы», 1979-жылы ЦК ВЛКСМдын «Алтын дан» төш белгиси, 1979-1982-жылдары Кыргызстан ЛКЖС ОКнын «Ардак грамоталары», 1980-жылы «Лениндик Ардак грамотасы», 1981-жылы « I класстагы мастер сугатчы», 1983-жылы Облпрофсоюздун «Ардак грамотасы», 1986-жылы СССР Министрлер Совети менен ВЦСПСтин «Эстелик вымпели», 1986-жылы СССР ВДНХсынын «Коло медалы» жана башкалар. Андан сырткары 7 (жети) жолу Ат-Башы райондук Партия комитети менен Эл депутаттарынын Ат-Башы райондук кещешинин «Социалисттик мелдештин жещүүчүсү» деген эстелик ленталарын алууга татыган.Бир нече жолу Айылдык жана Райондук кещештин эл депутаты болуп шайланган.
2021-жылы райондун айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө, экономиканы жакшыртуу багытында өткөрүлгөн «Түшүм майрамына» жана малдын асылдуулугун арттырууга карата асыл тукум малдардын көргөзмөсүнө коюлган асыл тукум малы 1-орунду камсыз кылгандыгы үчүн «ат жалы – Улук» асыл тукум фермердик чарбасы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын «1-даражадагы диплому» менен сыйланган. Турдубаев Алтыбай бүгүнкү күндө эл арасындагы жана жалпы эле коомчулукта эщ чощ кадыр-баркка жана сый-урматка ээ болгон үчүн ·Ак-Муз айылынын «Ардактуу атуулу»; ·Ат-Башы районунун «Ардактуу атуулу»;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду дагы эмгегин жогору баалоо менен мамлекетибизге өзгөчө эмгек сищирген инсандардын катарына кошуп, персоналдык пенсионер катары ардактуу эс алууга чыгарган.
Турдубаев Алтыбай жеке эле эмгеги менен элге таанылбастан, үйбүлөлүк жактан дагы айылдагы үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн сап башында турат. Себеби – байбичеси Бейшебүбү Апышова экөө алты баланы бапестеп багып чоңойтуп, баарын жогорку билимдүү кылышкан. Жеке эле өз балдарынын эмес, айылдын балдарынын дагы билимге болгон кызыгуусун арттыруу үчүн 2010- жылы айылдык мектептеги англис тилин жакшы окуган окуучуларга «Баба дыйкан» стипендиясын берип баштаган. Бактылуу ата-эненин тарбиясын алган 2 уул 4 кызы жана 28 неберенин төрундө, бактылуу карылыктын доорун сүрушүүдө.
Ат-Башы райондук мамлекеттик админстрациясынын маалымат кызматы