КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КАРМАЛГАН МАМЛЕКЕТТИК, МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАТУУ ЖАЗАЛАНАТ

Ат-Башы районунун Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинде райондук мамлекеттик органдарынын жетекчилери, орун басарлары, бөлүм башчылары, бухгалтерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, айылдык кеңештин төрагалары, муниципалдык ишканаларынын директорлору, райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун башкы дарыгерлери, мектеп, бала бакчаларынын директорлорун катышуусунда коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана КР Кылмыш жаза кодексинин коррупцияга байланыштуу беренелерине өзгөртүүлөр киргизилгендиги боюнча Нарын облустук УКМК башкармалыгынын тийиштүү кызматкерлери тарабынан жыйын өткөрүлдү.

Жыйында, кабыл алынган мыйзам менен КР Кылмыш-жаза кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилдиги боюнча кеңири маалымат берилди:

– 63-берене 21-бөлүк менен толукталып, анда көрсөтүлгөн Кодекстин 336-343-статьяларында, 344-статьясынын 2, 3, 4-бөлүктөрүндө, 345-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 346-348-статьяларында каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө же белгилүү иш менен алектенүүгө милдеттүү түрдө өмүр бою тыюу салууну дайындоо каралган;

– 65-берененин 3 жана 4-бөлүктөрүнөн, жогоруда аталган кодекстин 337-346-беренелеринде каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазалардын ичинен айыптарды белгилөө алып салынган;

– 79-берене 11-бөлүк менен толукталып, анда ушул мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн күнөөнү моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толук толтуруу жөнүндө макулдашуу түзүлгөндө адам күнөөлүү деп табылганда статьяда каралган жазанын минималдуу мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоо каралган.

Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизилди, атап айтканда:

– соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан, же болбосо аларга карата коррупциялык кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган учурда коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адамдарды мамлекеттик же муниципалдык кызматка кабыл алуудан баш тартуу;

– коррупциялык кылмыштарды жасоодо күнөөлүү деп табылган адамдардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөсүнө милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салуу.

Иш чаранын соңунда жыйындан катышуучуларынын тарабынан берилген суроолорго тиешелүү тараптардан жооптор айтылды.

Мындан сырткары Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.Абдыкадыров,
Ат-Башы районунун прокурору К. Нуруллаев жыйындан катышкучуларына биргеликте мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн
мамлекеттик кызматта ак ниет менен так жана таза иш алып барууга чакырып, мындай кылмыштын айынан бир туугандары, уул-кыздары дагы мамлекеттик кызматка кире албай тургандарын эске алып, таза иштөөнү суранышты.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматы

Жооп калтыруу