ЭНЕ ЖҮРӨГҮ МЕНЕН ААЛАМ ДЕМ АЛАТ, ЭНЕ КҮЛКҮСҮ МЕНЕН ААЛАМ НУРДАНАТ…

Эне — жашоонун башаты, үй-бүлөнүн таянычы, улуттун уюшуусунда өзгөчө ролго ээ ыйык образ. Ушул ыйык макамды даңазалоо жана энелерге терең ыраазычылык билдирүү максатында Ат-Башы районунда Энелер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек кызы Жылдыз, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эмилбек Абдыкадыров, ошондой эле аймактагы элине эмгеги сиңген ак элечек энелер жана коомдук ишмер аялдар катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Эмилбек Абдыкадыров:
«Эне — үй-бүлөнүн куту гана эмес, улуттун туусун бийик көтөрүп келген тарыхый күч. Энелердин коомдогу орду баа жеткис, алардын мээнети менен мамлекет өсүп-өнүгөт. Аялзатына болгон сый-урмат — бул биздин тарыхый түпкү наркыбыз», — деп белгилеп, энелердин тарбиялык, моралдык миссиясы тууралуу кеңири токтолду.
Салтанаттын жүрүшүндө Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы жана Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек кызы Жылдыз тарабынан бир катар энелерге Ардак грамоталар тапшырылып, баардыгына баалуу белектер ыйгарылды.
Мындан тышкары Маданият үйүнүн чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалган концерттик номерлер тартууланып, энелерге майрамдык маанай тартууланды. Ыр-күүлөр жаңырып, энелердин жүрөгүн толкунданткан өзгөчө учурлар жаралды.
Бул иш-чара энелерге болгон терең ыраазычылыктын, аруулук менен асылдыктын символу катары коомчулукта чоң таасир калтырды.
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.

Жооп калтыруу