


Бүгүнкү күндө билимге болгон талап улам жогорулап, ар бир тармакта заманбап ыкмаларды өздөштүрүү- ийгиликтин негизги шарттарынын бири болуп калды. Бирок жөн гана көп билимге ээ болуу жетишсиз. Чыныгы билимдүүлүк көп билгенде эмес-билимиңди колдоно билгенде деген сөз дал ушул маңыздуу чындыкты чагылдырат.
Ат-Башы районундагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер да дал ушул принципти жетекчиликке алып, заман талабына жооп берген билим менен куралданып жатышат. Жакында эле алар Мамлекеттик сектордо жасалма интеллектти колдонуу менен бюджетти пландоо жана болжолдоо боюнча атайын окуудан өтүштү. Бул окууну тажрыйбалуу адистер – Нуралиева Назгүл жана Шабдыралиева Чолпон жетектеп, кызматкерлерге теория менен практиканы айкалыштырып берүү мүмкүнчүлүгүн жаратышты
Жасалма интелект- учурда дүйнө жүзүндө эң актуалдуу технологиялардын бири болуп, аны мамлекеттик башкарууда колдонуу иштин тактыгына, ылдымдыгына жана ачык айкындуулугуна түздөн-түз таасир этет. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бул билим аркылуу бюджетти так пландап, ресурстарды туура бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда. Бул билимди колдонуудагы так жана ишенимдүү кадам.
Ат-Башы районунда 2024-жылы жасалма интеллект боюнча 300 адам билим алса, 2025-жылдын өзүндө бул көрсөткүч 304 адамга жетти. Окуу курсунун катышуучулары менен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.Абдыкадыров 2025-жылдын 5-сентябрында жолугушуп курсту бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, ал эми окуу курсун уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирди. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге мындай курстар абдан зарыл, маанилүү экенин, мамлекеттик башкарууда бүгүнкү талапка ылайык креативдүү ар тараптуу тажрыйбалуу, билимдүү адистерге муктаждык күндөн-күнгө өсүп жаткандыгын айтты.
Ат-Башы районунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери дал ушул талаптарга ылайык аракет кылууда. Алардын аракеттери райондук өнүгүүгө гана эмес, жалпы мамлекеттин эффективдүүлүгүнө да өз таасирин тийгизет.
Ат-Башы райондук мамалекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.