АТ-БАШЫ: ЖАКЫРЧЫЛЫКТАН ЧЫГУУ БАКУБАТ ЖАШООГО ЖЕТҮҮ-АР БИР ЖАРАНДЫН КОЛУНДА.

2025-жылы 25-сентябрда  Ат-Башы жергесинде Кыргыз Республикасынын Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Социалдык контракт түзгөн үй-бүлөлөрдүн бизнес форуму болуп өттү.

Форумга Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыров, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары А.Солтонбекова, КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Иманалиева, айыл өкмөт башчылары, мекеме ишкана жетекчилери жана социалдык контракт алган жарандар катышышты.

Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жобо 2021-жылдын12-октябрында Кыргыз Руспубликасынын Президентинин №435 жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген калктын аз камсыз болгон жарандарын коомдук жумушка тартуу, жакырчылыктан чыгууга жардам берүүнү ишке ашыруунун негизги максаты болгон.

 

Жооп калтыруу