АТ-БАШЫ: “УЛУУ ТООДО-УЛУУ ТАРЫХ, УЛУУ НАРК”

2025-жылдын  10-октябрында Ат-Башы районунда Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан “Улуу тоодо – улуу тарых, улуу нарк” аталышында илимий конференция өткөрүлдү.

КРнын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” Уңгу жолунда белгиленген багыттарды турмушка ашыруу, улуттук аң-сезимди маданий мурастарды, руханий баалуулуктарды жана илим-билимди даңазалоо аркылуу коомдун жарандарына дем берүүнү жетекке алуу менен Ат-Башы жергесинен чыккан тарыхый (Кошой-Коргон, Чеч-Дөбө, Таш-Рабат кербен сарайы) илимий негизде талдоо аркылуу жаңычыл илимий көз караштарды талкуулоо конференциянын негизги максаты болуп саналат.      Иш чарага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Э.Абдыкадыров, КРнын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары М.Тагаев, КРнын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы институтунун директору, академик А.Акматалиев, Дордой ассоциациясынын ардактуу президенти, меценат, коомдук ишмер А.Салымбеков, С.Нааматов атындагы НМУнун педагогикалык факультетинин деканы, тарых илимдеринин кандидаты тарых профессордун милдетин аткаруучу Г.Эсеналиева, мамлекеттик бийлик жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекеме-ишкана жетекчилери, илимпоздор, мектеп директорлору, мугалимдер, жарандык коомдун өкүлдөрү райондун жашоочулары катышышты.

“Улуу тоодо- улуу тарых, улуу нарк” илимий конферениясы Ат-Башы районун көп жылдык тарыхын, маданий мурасын жана руханий байлыгын даңазалап, аны сактоо жана келечек муунга жеткирүү боюнча маанилүү кадамдардын башталышы болуп калды. Бул конференциянын чечимдери жана сунуштары Ат-Башынын тарыхый мурасын илимий негизде сактоо жана жайылтуу ишине зор салым кошот.

Жооп калтыруу