Ат-Башы районунун борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1-сентябрындагы №545 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобосунун 30-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын КМИК төрагасынын 2018-жылдын 23-июлундагы №383 буйругуна ылайык 2025-жылдын 19-21-ноябрына чейин кызмат өтөгөн 22 кызматкер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрдүн уставына ылайык Кыргыз Республикасынын элине жана мекенине берилгендик менен кызмат өтөөгө, аскердики тартипти сактоого, Ата-мекенди коргоого салтанаттуу түрдө ант беришти.
Бул ант алардын жашоосундагы жана кызмат жолунда өтөө маанилүү кадам анткени аскердик милдет жана жоопкерчилик кызматын аткарууга даяр экендигин билдиришти. Иш чарага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин биринчи орун басары М.Кадыркулов катышып, кызматкерлердин ант берүүсүн куттуктап, өздүк курамга ден соолук иштерине ийгилик каалады.







