АТ-БАШЫ: ӨМҮР БИЗДЕН ӨТҮП КЕТСЕ-ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН

2025-жылдын 27-ноябрында Район аймагында Кыргыз Республикасынын эмгек синирген ветеринардык врачы Жандаралиев Капардын 95 жылдыгына арналган эскерүү кечеси болду.

Эскерүү кечеге: район башчысы-аким Э.А.Ысакулович, айыл чарба жана ветеринардык мекеме жетекчилери, кызматкерлери анын замандаштары, кесиптештери, айылдаштары, туугандары, балдары жана шакирттери катышты. Эскерүү кечеде өмүр өлчөмү – жылдарда эмес, адамдын калтырган изинде-дегендей. Ал адам өз өмүрүн тек гана жашап койгон жок, эл-журтка кылган кызматы, эмгеги, үй-бүлөгө, жакындарга калтырган жылуулугу менен жашап өткөндүгү белгиленди. Бүгүн Жандаралиев Капар агайдын ошол эле кылган эмгеги, адамгерчилиги, иш билгилиги жана жаркын элеси эстетип убакыт өтөт, бирок жакшылыктын жарыгы эч качан өчпөйт. Анын жасаган иштерин, үлгүсүн, адамгерчилигин биз гана эмес, кийинки муундар да билип жүрсүн деп эскерилди. Кечеге катышкандар Ветеринардык врачтын басып өткөн жолун, тубаса дилгирлигин, билимдүүлүгүн, айыл чарба жана ветеринардык тармакта сиңирген эмгеги баа жеткис экенин, Нарын облусунда совет доорунда, колхоз-совхоз маалында  малды даарылоо санитардык жайлардын натыйжалуу иштөөсүнө өбөлгө түзгөнүн баса белгилешти. Ошол ак эмгегинин натыйжасында Жандаралиев Капардын иши өкмөт тарабынан жогору бааланып Союздун “Эмгек Кызыл Туу” ордени, СССРдин мал чарбасынын өнүгүшүнө зор салымын кошкондугу үчүн Бүткүл Союздук мал чарбасынын өнүгүшүнүн Коло медалы менен сыйланган. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Указы менен “Кыргыз  ССРинин эмгек сиңирген ветеринардык врачы” деген наам берилген. 

 

 

 

 

Жооп калтыруу