АТ-БАШЫ: ЭЛДИК КУРУЛТАЙГА 9 ДЕЛЕГАТ БАРАТ

 

 IV  ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫН ДЕЛЕГАТТАРЫНЫН

                              ЖОЛУГУУШУСУ БОЛУП ӨТТҮ.

12.12.2025. Ушул жылдын 25-декабрында өтө турган Республикалык  IV Элдик курултайга Ат-Башы районунан 9 делегат катышат.

Бүгүн 12-декабрда Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында делегаттар менен жолугушуу өттү. Ага район акими, мекеме-ишкана жетекчилери, айыл башчылар жана делегаттар катышышты. 

Жолугушунун жүрүшүндө район акими Э.Абдыкадыров райондун социалдык-экономикалык өнүгүү, инфраструктуралык жаңы долбоорлор жана маселелери, аймактык көйгөйлөрдү чечүү, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип,делегаттарга ийгилик каалап, курултайда элдин үнүн жеткирүү чоң жоопкерчилик экендиги баса белгиленди. 

Бул жолугушууда делегаттар өздөрүнүн аймактарындагы көйгөйлөрү жана сунуштары менен бөлүшүп, орчундуу маселелерди курултайда көтөрүү ниеттерин билдиришти.

Коомдук мааниге ээ болгон маселелер-ирригация, таза суу, жайыт, ветеринария, кайра иштетүү ишканалары, логистикалык соода борбору, келечектеги курула турган темир жол, айыл чарбасын өнүктүрүү жана башка тармактардагы көйгөйлөр өзгөчө талкууланды. 

 

 

 

Жооп калтыруу