
19.12.2025. Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл аймагында көп функционалдуу спорт комплексинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Спорт комплекстин жалпы сметалык баасы 51 250000 сомду түзүп, анын 32 550000 сомун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фонду каржылаган.
Ачылышка Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү-губернатор Н.Сатаров, район акими Э.Абдыкадыров, Кыргыз Республикасынын спорт агенттигинин директордун орун басары Б.Багышбеков, айыл аксакалдары, спорттун ардагерлери жана жаштар катышышты.
Областын губернатору, райондун акими спорткомплекстин ачылышы менен куттукташып, Азия, Дүйнөлүк чемпионаттарда кыргыз желегин желбирете турган спортсмендерди тарбиялап, жаштардын достугун, ынтымагын бекемдей турган келечектүү спорт ордосу болушун каалашты. Аксакалдар ак жолтой имарат болуусун каалап, жаштарга ак баталарын беришти.
Ачылган спорт комплеки баскетбол, Футбол, волейбол, бокс, күрөш менен машыгууга жана оюндарын өткөрүп, мелдештерди уюштурууга ылайыкташтырылган.