“УЛУТТУК ДЕМ-ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК”

           

2025-жылдын 19-декабрында Кара-Суу айыл аймагында “Аюу Мамалак” бала бакчасында “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу темасында иш чара болуп өттү.

     Иш чаранын негизги максаты бала бакчадагы тарбиялануучуларга улуттук баалуулуктарды сиңирүү, кыргыз элинин каада-салтын, маданиятын жана кол өнөрчүлүк мурастарын таанытуу болду.

     Иш чарага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары В.Мурзалымбекова, райондук билим берүү бөлүмүнүн  методистери жана тарбиялануучулардын ата-энеси катышышты. Ата-энелер балдарга дан азыктары, кийиз буюмдары жана кыргыздын улуттук мурасы болгон боз үйү жөнүндө сабак өтүшүп, алардын пайдасын, жасалышын жана күнүмдүк турмуштагы маанисин түшүндүрүштү.  Кыргыз элинин байыркы доордо урунган буюмдарын жана ат жабдыктарын тааныштыруу жүргүзүлдү. 

       Уңгужол-тарых менен бүгүнкү күндүн, улуттук баалулуктары менен заманбап өнүгүүнүн көпүрөсү болду. Азыркы учурда ар бир кыргыз жаранынын милдети-улуттук уңгуну сактап муундан-муунга өткөрүүгө баардык күч аракеттерин жумшоо. Кыргыз элинин рухун, нарк-насилин сактоого күч үрөп, тарбия ишин таасирдүү жүргүзүп келе жаткан “Аюу Мамалак” бала бакчасынын жалпы жамаатына ийгилик каалайбыз. 

 

Жооп калтыруу