АСФАЛЬТ-БЕТОН ЗАВОДУ АЧЫЛДЫ

ДОСТУК №1 АСФАЛЬТ-БЕТОН ЗАВОДУ

     2025-жылдын 25-декабрында Ат-Башы районундагы Достук № 1 асфальт-бетон заводунун ачылыш аземи болду. Салтанаттуу ачылыш өлкөнүн президенти С.Жапаровдун аралыктан катышуусу менен өттү.

     Салтанаттуу ачылышка Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары М.Кадыркулов, райондук мекеме-ишкана жетекчилери жана жергиликтүү эл катышты. 

 Бул завод Кыргыз-Кытай мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтык алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында “Кыргыз автожол- Түндүк” мамлекеттик иш канасына жол куруу техникалары менен биргеликте  кредиттик негизде алынып келинген. Заводдун баштапкы баасы 77 млн сомду түзөт. 2025- жылдын жайкы сезонунда Кытай тараптын адистери келип куруу иштерин жүргүзүштү. Октябрь айы менен ишке кирип жалпы 7464 тонна асфальт чыгарылды. Заводдун жалпы кубаттуулугу саатына  60 тоннадан 80 тоннага чейин асфальт өндүрүүгө болот.

 

 

Жооп калтыруу