АТ-БАШЫ: ТАРТИП САКЧЫЛАРЫ КҮЧӨТҮЛГӨН КЫЗМАТТА

    Бүгүн 2025-жылдын 29-декабрында саат 9:00дө Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдында Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамына саптык кароо жүргүзүлдү.

    Саптык кароого Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыров, Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү, райондук социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

    Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин №855 жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын №514 сандуу буйруктары окулуп, жаңы жылды тосууга даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө жарандардын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу максатында тапшырмалар берилип, милдеттер коюлду. Милдеттемеге ылайык Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы 2025-жылдын 29-декабрынан 2026-жылдын 8-январына чейин күжүрмөн даярдыкта, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

 

 

Жооп калтыруу