АТ-БАШЫ: АКИМДИН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ МАЙРАМЫ БОЛУП ӨТТҮ

   2025-жылдын 30-декабрында Ат-Башы районундагы С.Андабеков  атындагы маданият үйүндө Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин салттуу жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.К.Иманалиева, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыров катышып, жаш жеткинчектерди жаңы жыл майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, окууларына ийгилик, жашоолоруна тынчтык жана жаркын келечек каалап, майрамдык белектерди тапшырышты.

     Аталган майрамдык иш-чарага район боюнча окууларынан жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, өлкө аймагында өткөрүлгөн спотр мелдештеринде ийгилик жаратып келе жаткан 220 окуучу чакырылып, аларга жаңы жылдык балатыда концерттик программа тартууланып, кызыктуу оюн-зооктор уюштурулду.

 

Жооп калтыруу