2026-жылдын 15-январында Ак-Моюн айыл аймагында элдик жыйын өткөрүлүп, жыйынга Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Абдыкадыров, орун басары В.Мурзалымбекова, Ат-Башы райондук прокурорунун орун басары А.Шерматов, райондун мекеме жетекчилери жана айыл тургундары катышты.
Жыйында Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Т.Кадыркулов жана Ак-Моюн муниципалдык ишканасынын жетекчилери тарабынан 2025-жылы аймакта жасалган иштер тууралуу отчет берилди.
Айыл тургундары тарабынан сугат каналдарын оңдоп түзөө, корук, айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды берүү, жергиликтүү элди алдап келген ВМЛ пирамидасы боюнча чара көрүү, Бирлик айылына бала бакча куруп берүү, мектептердин ички инвентардык буюмдарын жаңыртуу, жазгы айдап себүү өнөктүгүндө үрөн менен камсыз кылуу маселелери көтөрүлүп, тиешелүү жоопторун алышты.
Жыйын соңунда район акими Э.Абдыкадыров жыйында айтылган элдин көйгөйлөрүн чечүүнү мекеме жетекчилерине жана Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Т.Кадыркуловго милдеттендирди.
