2026-жылдын 16-январында Казыбек айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылында элдик жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Э.Абдыкадыров, орун басары В.Мурзалымбекова, Ат-Башы районунун прокурорунун улук жардамчысы А.Бектуров, мекеме-ишкана жетекчилери жана айыл тургундары катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытов 2025-жылы аймакта жасалган иштер тууралууотчет берди. Анда Казыбек айыл аймагынын социалдык -экономикалык көрсөткүчтөрү, генплан, турак жайларды камсыздандыруу, көмүр, электр энергиясы жана айылчарбасы боюнча маалымат берилип, жергиликтүү айыл тургундары тарабынан ар кыл маселелер боюнча суроолор узатылып, тиешелүү жоопторун алышты.
Жыйын соңунда район акими Э.Абдыкадыров Казыбек айыл аймагынын башчысы Б.Мамытовго элдин көйгөйлөрүн жеринде чечүүнү милдеттендирди.
