Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 19-январындагы буйругу менен ДОСОЕВА АЙЗАТ ТУРАРОВНА Ат-Башы районунун Ак-моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына дайындалды.
Досоева Айзат Тураровна 1985-жылдын 7-апрелинде Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Чолок-Кайың айылында туулган. Учурда Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жашайт.
Билими: Жогорку
2004-2010-жж. И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети. Журналист кесибинин ээси.

Ат-Башы райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Султангазы уулу Тилек башка кызматка которулгандыгына байланыштуу Ат-башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 19-январындагы буйругуна ылайык Абылова Гүлзат Сардарбековна аталган башкармалыктын башчысы кызматына дайындалды.
Абылова Гүлзат Сардарбековна 1974-жылы 24-сентябрда Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган.
билими: Жогорку
1995-2000жж. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Бухгалтердик эсеп жана аудит кесибинин ээси.
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин буйругуна ылайык Үсөнов
Керимкул Мырзабекович Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды.
Үсөнов Керимкул Мурзабекович 1989-жылы 25-сентябрында Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында туулган.
Билими: Жогорку
2012-2017-жж К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык универтитетинин Гидротехник кесибинин ээси