2026-жылдын 9-февралында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаев Ат-Башы райондук Б.Шамеев атындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун абалы жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты менен таанышты.
Жолугушууда аталган оорукананын жетекчиси Ажыбек уулу Азим имаратта болгон көйгөйлөр, алдыга койгон максаттар жана бүгүнкү күндө пайдалануудагы заманбап жаңы медициналык жабдуулар менен тааныштырды. Мындан сырткары райондук ооруканага кошумча корпус, тез жардам бөлүмүн куруу боюнча долбоор даярдалып, тиешелүү органдарга сунуштала тургандыгы боюнча маалымат берди.
Район акими М.Шербаев райондун жалпы дарыгерлик практика борборунун дарыгерлери менен жолугуп, алардын кызматы өтө жооптуу кызмат экендигин баса белгилеп, иштерине ийгилик каалады.
