“УЛУТТУК ДЕМ ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК” УҢГУЖОЛУ ЖАРЛЫГЫНЫН АЛКАГЫНДА КООМДУК ДИАЛОГ

2026-жылдын 9-февралында Ат-Башы райондук Б.Кыдыкова атындагы моделдик-инновациялык китепканасында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында коомдук диалог болуп өттү.

Иш чарага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары В.Мурзалымбекова, райондун айыл аймактарынан келген ак сакалдуу аталар,апалар, жаштар уюмунун активдүү мүчөлөрү жана ар тармактуу кесиптин өкүлдөрү катышышты. Иш чаранын жүрүшүндө улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү, билим берүү жана тарбиядагы улуттук идеология, жаштарды мекенчилдикке, адеп-ахлакка, эмгекчилдикке тарбиялоо жана коомдун ынтымагын чыңдоо жөнүндө талкуу жүрүп, катышуучулар өз ойлору менен бөлүшүштү.

Жыйынтыгында “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” чыгармачыл союздардын жана илимий интеллигенциянын облустук жана республикалык форумуна Ат-Башы районунан 5 делегат шайланды.

  1. Жакыпова Калипа
  2. Тентимишов Дүйшөнаалы
  3. Өмүралиев Үсөнбай
  4. Абдыраимова Асанбүбү
  5. Дүйшөнбиев Рахат Али

Жооп калтыруу