АТ-БАШЫ: ТАРЫХТЫ ТААЗИМДЕГЕН КҮН

2026-жылдын 19-февралында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында дайынсыз жоголгон жоокер Майлиев Осмонакун атанын бир туугандары менен жолугушуу болуп өттү. Иш чарага Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон жоокерлерди издөө тобунун Нарын облусу боюнча координаторлору-Ирина Егорова жана Бактыгүл Акунбаева, ошондой эле Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Нарын облусу боюнча координаторлор тарабынан Майлиев Осмонакун атанын согуш учурундагы жанында болгон жеке буюму-пайдаланган идиши туугандарына салтанаттуу түрдө өткөрүлүп берилди.

Бул табылга жылдар бою дайынсыз болуп келген жокердин тагдырын тактоодо жана анын элеси менен үй-бүлөсүн кайрадан байланыштырып турган ыйык мурас болуп эсептелет. Белгилүү болгондой, Майлиев Осмонакун ата Мекенди коргоо үчүн кан майданга аттанып, баатырдык менен курман болгон. Анын эрдиги жана мекенчилдиги бүгүнкү муун үчүн чоң сабак жана сыймык болуп саналат. Дайынсыз жоголгон жоокерлерди издөө иштеринин натыйжасында анын каза болгондугу жана жерге коюлган жери тууралуу маалыматтар такталып, согуш талаасынан табылган жеке буюму бүгүн өз ээлерине жеткирилди.

Жолугушууда район башчысы-аким М.Шербаев тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү багытындагы мындай иштердин маанисине токтолуп, издөө иштерин жүргүзүп жаткан жарандарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле баатыр аталардын ысымын унутпай, кийинки муунга жеткирүү- ар бирибиздин ыйык парзыбыз экенин баса белгиледи.

Бул иш-чара тарыхты эскерүү гана эмес, муундар арасындагы байланышты чыңдоого, баатырлардын жаркын элесин даңазалоого багытталган маанилүү окуя болду.

БААТЫР АТАЛАРДЫН ЭРДИГИ-ЭЛ ЭСИНДЕ ТҮБӨЛҮК САКТАЛАТ.

Жооп калтыруу