АТ-БАШЫ РАЙОНДУК ШААР КУРУУ ЖАНА АРХИТЕКТУРА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ ИШКЕ БЕРИЛДИ

2026-жылдын 28-февралында Ат-Башы районундагы Ак-Өргө жаңы конушунда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинин демилгеси менен курулган имараттын ачылыш аземи болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Н.Орунтаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Сатаров, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаев, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Имарат 2025-жылдын 10-июлунда салына баштаган. Ага Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлиги тарабынан 15млн бөлүнүп салынган. Имараттын жалпы аянты 200 м2.

Кошумчалай кетсек Ат-Башы райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына Ат-Башы өнүктүрүү фонду тарабынан GPS жана 600 миң лазердик принтер алынып берилген. Бул заманбап аппараттар жергиликтүү калкка кызмат көрсөтүүдө, тейлөөдө иштерди ыкчам алып барууга өбөлгө түзөт.

Жооп калтыруу