2026-жылдын 10-11-март күндөрү Ат-Башы районунун прокуратурасынын демилгеси менен Ат-Башы айылындагы А.Карыбек уулу жана К.Мамбеталиев атындагы отро мектептердин 8-11-класстарынын окуучулары жана алардын ата-энелери менен “Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу чаралары жана ата-энелердин жоопкерчилиги” темасында жолугушуулар өткөрүлдү.
Жолугушууга Ат-Башы районунун прокурору К.Нуруллаев, Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Н.Акимов, Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Г.Абылова, Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Дыйканбаев, райондун имам-хатиби Р.Дүйшөнбиев, райондук мамлекеттик администрациянын, райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун тийиштүү кызматкерлери, ошондой эле мектеп директорлору жана мугалимдер катышышты.
Өткөрүлгөн жолугушууда райондун прокурору мектеп окуучуларына, алардын ата-энелерине укук бузуу жана кылмыштар жасалган учурда, жашы жете электер кайсы курактан баштап жоопкерчиликке тартылары, ошол эле кезде укук бузуу жана кылмыш жасалган балдардын ата-энелеринин мыйзамда белгиленген жоопкерчилиги жөнүндө, мектеп окуучуларынын жана ата-энелердин билим алуу багытындагы милдеттери, ата-энелердин билим балдарга билим жана тарбия берүүдөгү кайдыгерлиги, көңүлкош мамилеси, үй-бүлөдөгү тарбия, ата-эне менен баланын ортосундагы ишенимдүү байланышты түзүү өспүрүмдөрдүн татыктуу инсан катары калыптанышына чоң натыйжа берээри жөнүндө, орун алган көйгөйлөрдүн негизги себептери катары ата-энелер тарабынан көзөмөлдүн жетишсиздиги, балдардын бош убакытты туура эмес пайдаланышы, ошол эле учурда ата-энелерге балдардын сабакка катышуусуна, кечки убактагы жүрүм-турумуна жана кимдер менен жүргөнүнө, баарлашуу чөйрөсүнө көңүл буруу зарылдыгы туурасында, өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында зарыл болгон чараларды көрүү боюнча кенен маалымат берди.
