ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК. АТ-БАШЫ ӨНҮГҮҮНҮН ЖАҢЫ БАСКЫЧЫНА ӨТҮҮДӨ

2026-жылдын 31-мартында Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мухтар Шербаев  менен HUBEI BAOSHANG ELECTRIC CABLE компаниясынын өкүлү ГУО ФУ-Ю, WUHAN JIANDIAN NEW ENERGY компаниясынын өкүлү ЧАНГ ЧИНГ ЛУНГ, ГРК Солар Энерджи  жоопкерчилиги чектелген  коомунун жетекчиси Тороев Асанбек Абакирович, “XINJIIANG HUAJI INTERNATIONAL LOGISICS TECHNOLOGY” компаниясынын өкүлү Тургуналы Таштан жана айыл аймактардын өкмөт башчыларынын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу алкагында Ат-Башы районундагы айыл аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында негизги 4 багыттагы долбоор боюнча талкуу жүргүзүлүп, меморандумга кол коюлду.

  1. 50 мегаваттык күндөн энергия алуучу, 50 мегаваттык энергия өндүрүүгө багытталган чакан ГЭС куруу;
  2. Цемент заводун куруу;
  3. Соода транспорт жана туризм логистикасы жаатында кызматташуу;
  4. Айыл чарбасы, ирригация, азык-түлүктөрдү, жашылча-жемиш, дан-азыктарын өндүрүү жана импорттоо, экспорттоо. Айыл чарба жана туризм тармактары боюнча кадрларды окутуп үйрөтүү, кызматташуу, тажрыйба алмашуу, кошумча ооруканаларды куруу жана Нарын облусу менен Кытай Республикасынын Кызыл-Суу автономиялык облусу ортосундагы тажрыйба алмашуу боюнча болду.

Бул келишим жергебизде агрардык секторун жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүү, заманбап технологияларды киргизүү, жол тармагын оңдоо, импорттук жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу боюнча маанилүү кадам болуп саналат. 

Жыйынтыктап айтканда, 4 багыттагы бул меморандумдун ишке ашырылышы менен айыл чарба тармагында туруктуу өсүш ка мсыздалып, азык-түлүк коопсуздугу бекемделет. Ошондой эле бул демилге айыл жергесинде жарандардын жашоо шартын жакшыртып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө чоң салым кошот. Долбоорду ишке ашыруу боюнча жооптуу тарап катары Ата Мекндик “Solar Energy” компаниясы каралды. 

 

Жооп калтыруу