2026-жылдын 31-мартында С.Андабеков атындагы маданият үйүндө Ат-Башы районунан 2025-2026-окуу жылында өткөрүлгөн мектеп окуучуларынын олимпиадасынын IV (республикалык) баскычына катышкан 6 окуучуну салтанаттуу тосуп алуу аземи өткөрүлдү.
Иш-чарада Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Н.Шербаев мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында кыргыз тили жана адабияты сабагынан I орунду жеңип алган Качкынова Мария Алмазбековна жеңиши менен куттуктап, 20 000 сомдук, олимпиадага даярдаган мугалими Эсеналиева Асылкүл Табылдиевнага 10 000 сомдук сертификаттар, баалуу белектер жана ыраазычылык каттар тапшырылды. Ал эми окуучу билим алган мектебинин директору Абдырашитов Рамис Ишенбаевичке жана окуучунун ата-энеси Кулукеев Алмазбек Качкынович менен Муктарова Айзада Абдыкеримовналарга ыраазычылык каттар тапшырылып, алардын колдоосу, билим жана тарбия берүү багытындагы аракеттери окуучунун жетишкен ийгилигинин негизи экени баса белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө республикалык олимпиадага катышкан окуучулар Оруналиев Нурдөөлөт, Нарынбек кызы Фатима, Тынчтыкбекова Саида, Капарова Раушан жана Асанкадырова Жанайымга 5000 сомдук, мугалимдери Субакожоев Шабданбек, Жапаркулов Адил, Шералиева Салтанат, Өмүрзакова Аида жана Байшариева Салтанаттарга 4000 сомдук акчалай сыйлыктар, баалуу белектер жана ыраазычылык каттар берилип, окуучулар билим алган мектептердин директорлоруна жана ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылды.

