РАЙОН АКИМИМУХТАР ШЕРБАЕВ БӨБӨКТӨРДҮ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАП, ЖАҢЫ АЯНТЧАЛАРДЫН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ.

2026-жылдын 1-июнунда “Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө” карата Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мухтар Шербаев Ат-Башы айыл аймагындагы А.Курманалиев атындагы балдар бакчасынын тарбиялануучуларын куттуктап, жаш бөбөктөр тарабынан даярдалган майрамдык иш-чарага катышты.

Ошондой эле, Кара-Суу айыл аймагынын Терек-Суу айылында жана Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы айылында жаңыдан курулуп, пайдаланууга берилген балдар ойноочу аянтчалар ачылып, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен катышып, балдар үчүн баардык шарттар жаратуу зарылдыгын белгиледи.

Жооп калтыруу