КАРТОШКА ҮРӨНЧҮЛҮГҮН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН МААНИЛҮҮ ЖЫЙЫН БОЛДУ

2026-жылдын 3-июнь күнү Ат-Башы районунда картошка үрөндөрдү жайылтуу, ошондой эле агротехникалык эрежелерди так сактоо аркылуу мол түшүм алууга багытталган маанилүү иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чарага айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча райондук борбордун өкүлү М.Абдраевдин демилгеси менен уюштурулуп, жыйынга Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаев, айыл чарба тармагынын адистери жана райондун дыйкандары катышышты.

Жыйындын негизги максаты-картошка өстүрүүчүлөрдүн башын бириктирген ассоциация түзүү, үрөнчүлүк багытындагы иштерди жаңы деңгээлге көтөрүү жана Ат-Башы картошкасынын республикалык деңгээлге чыгаруу болду.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Ат-Башы районундагы “Курманбек ата” айыл чарба кооперативи картошка өндүрүү жана сапаттуу түшүм алуу боюнча республикада чемпион аталган. Бул жетишкендик Ат-Башы районунун дыйкандарынын эмгегинин үзүрү болуп, Ат-Башынын айыл чарба тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн дагы бир жолу далилдеди.

Жооп калтыруу