2026-жылдын 3-июль күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Ат-Башы районунда өлкөдөгү алгачкы заманбап үрөн сактоочу агро борбордун курулушуна мезгил кутусу салынды. Долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Салтанаттуу иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу, “Кыргыз Агрохолдинг” ААКнын башкы директору Данил Жумабаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкөлү Нурбек Сатаров, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мухтар Шербаев, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышышты.
Бул ири инвестициялык долбоор Кыргыз Руспубликасынын Президентинин Ат-Башы районунун эли менен болгон жолугушуусунда берилген тапшырманын негизинде жүзөгө ашырылууда. Заманбап агро борбор үрөндүк картошканы эл аралык талаптарга ылайык сактоо, сорттоо жана логистикалык кызматтарды көрсөтүү менен ата мекендик үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө жана айыл чарба тармагына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Долбоорду өз мөөнөтүндө баштоо үчүн Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан курулуш жүргүзүлүүчү жер тилкеси ыкчам бөлүнүп берилип, бардык керектүү архитектуралык жана уруксат берүүчү документтер кыска мөөнөттө даярдалды. Аталган борбордун негизги максаты Ат-Башыда өндүрүлгөн картошканы жана Картофель үрөнүн заманбап шартта сактоо менен анын сапатын жоготпой ички жана тышкы рынокторго, анын ичинде экспортко чыгарууга шарт түзүү.Бул долбоор өз кезегинде фермерлердин кирешесин көбөйтүп, райондун экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө болот.
Мындан тышкары, агро борбор жергиликтүү фермерлерди сапаттуу ата мекендик үрөн менен камсыз кылууга, айыл чарба өндүрүшүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Ат-Башы районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.
