2026- жылдын 15-июлунда Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мухтар Нурмаматович Шербаев Кара-Суу айыл аймагына караштуу Калинин айылында жергиликтүү тургундарды көчмө кабыл алды.
Көчмө кабыл алууга райондук Кадастр мекемесинин, Суу чарба башкармалыгынын, Социалдык фонддун жетекчилери жана тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышып, жарандардын көйгөйлөрү жеринде каралды.