2026-жылдын 18-августунда, Ат-Башы районунда кыргыздын улуттук маданиятына, обончулук жана көркөм чыгармачылык өнөрүнө зор салым кошкон таанымал обончу, белгилүү комузчу Жоломан Чоробаевдин эстелиги салтанаттуу түрдө ачылып, Ат-Башы райондук С.Андабеков атындагы маданият үйүнүн алдына орнотулду.
Эстеликтин ачылыш аземи-кыргыз элинин рухий мурасын даңазалаган өнөр адамдарынын эмгегин кийинки муундарга жеткирүүгө багытталган маанилүү маданий окуялардын бири болду. Жоломан Чорбаевдин чыгармалык мурасы, улуттук обончулук өнөрдү өнүктүрүүгө кошкон салымы элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат. Анын өнөрү-улуттук маданиятыбыздын баалуу мурасы. Эстеликтин тургузулушу-залкар таланттын өмүрүнө жана чыгармачылыгына болгон терең урмат-сыйдын белгиси.
