2026-жылдын 12-13-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Спорттук таймашка жалпы 6 команда катышып, жаш футболчулар өздөрүнүн чеберчилигин, аракетчилдигин жана командалык ынтымагын көрсөтүштү.
Мелдештин жыйынтыгында Ат-Башы районунун М.Өмүракунов атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин (БӨСМ) окуучулары мыкты оюн көрсөтүп, бардык атандаштарын артка калтырып, 1-орунду багындырышты.
Жаш спортчулардын бул ийгилиги- алардын тынымсыз машыгуусунун, эмгегинин жана жеңишке болгон умтулуусунун жыйынтыгы. Команданы мелдешке тажрыйбалуу машыктыруучу Абдыков Шапат агай даярдап барып, оюндар учурунда жаш футболчуларга багыт берип колдоо көрсөтүп турду.
Ат-Башы районунун жаш спортчуларын жеңиши менен куттуктайбыз!
