VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлүп жаткан “Биримдик кербени” долбоору элибиздин ынтымагын, биримдигин жана ата-бабадан калган улуу салт-санааны даңазалаган маанилүү иш-чаралардын бири болууда. “Биримдик кербени” символдоштурулган көөкөрдөгү суу өзүнүн белгиленген жерине жетти. Көөкөрдөгү сууну белгиленген жерге жеткирүү милдети Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылынын тургуну Алыбаев Жылдызбекке жүктөлгөн. Ал өзүнө артылган жоопкерчиликти так аткарып, район элинин ишенимин актап мөлтүр булактан алынган сууну биримдик казанына куйду. Бул суу- жөн гана суу эмес ар бир тамчы суусунда- элдин тилеги, ар бир кадамында-биримдик, ар бир райондогу-элдин ынтымагы камтыган.
