Атбаш (Ат-Башы) – тарыхый шаардын аты. Ат-Башы шаары жөнүндөгү алгачкы жазма даректер араб авторлорунун чыгармаларынан кезигет. Ибн-Хордадбектин “Китаб ал-масалик ва-л-мамалик” (жолдор жана мамлекеттер жөнүндө китеп 9-к), Кудама Ибн Жафардын “Китаб ал харадж” (“Салык жөнүндө китеп ” 10-к) деген эмгектеринде Ат-Башы шаар экендигин, анын географиялык ордун, жеринин түзүлүшүн жазышкан, анын Тибет, Фергана жана Барскандын ортосунда жайгашкандыгын белгилешкен. Бул маалыматтарга караганда Ат-Башы 9-кылымга чейин эле кыштак же шаар болгон. Өзүнүн ыңгайлуу географиялык орду жана табигый шарты боюнча Ат-Башы 9-12-кылымдарда жана андан кийин да бүткүл Ичке Теңир-Тоо үчүн маанилүү борбор болуп келген. Айрым түрк кагандары, монгол эмирлери карамагындагы элди ушул жерден башкарган. Чыгыш Түркстан, Фергана, Барскан ж.б ортосундагы соода ж.б катнаш да Ат-Башы көп эсе алынбайт. 1331-жылы түзүлгөн картада “Атебаши” белгилүү шаарлардын катарына кирген. Бирок андан кийинки эмгектерде Ат-Башынын шаар экени ачык айтылбайт. Изилдөөчүлөр Кара-Коюн өзөнүнүн сол кашатында Кошой-Коргон шаар чалдыбары байыркы Ат-Башы шаарынын орду деп эсептешет. Ат-Башы-Нарын чөлкөмүнүн түштүгүндөгү чоң өрөөн. Ат-Башы жердин, суунун, айрыкча сепилдин аты катары 9-10-кылымдан белгилүү. Ал Улуу Жибек-Жолунун Ферганадан Кашкарга жана Ысык-Көлдүн тескейиндеги Барскан шаарына кеткен соода жолунун боюнда жайгашкан Караханийлер, моңгол жана Моголстан доорунда Ат-Башы өрөөнүндө көп тарыхый окуялар болуп өткөн.
Азыркы Ат-Башы бир булакта “Атбаш”, башка булакта “Атебаши” шаары деп аталса, эпосто Чеч-Дөбөнү кээ бир эпизоддордо “Атабашы” деп атап кеткенин учуратабыз. Ат-Башы өрөөнүнүн ичинде мурун азыркы эл отурукташкан айылдардын ордунда, мал-жан барбаган, үстү жагы түндүк-түштүк тарабынан чөбү мол бийик тоолор тиреген, асты дайра улуу суу, чыгыш-батыш тарабынан чоң агын суулар агып кирген, суу каптаган өрөөн болгон.
Ат-Башыны байкасаң
Как ушундай жер экен,
Кептешинде талааны
Үч буркан деген эл экен.
Ат-Башы деп ат койгон,
Илгертен келген ат экен.