АТ-БАШЫ РАЙОНУНДАГЫ АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАРАНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаровдун эл менен жолугушуу иш-чарасы өткөрүлдү. Аталган жолугушууга Нарын ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Ж.Кочконов, Нарын облустук прокуратурасы К.Кубатидинов, Нарын облустук соту К.Абдыкадыров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.

Иш-чаранын негизги максаты-жарандардын көйгөйлөрүн угуп, жеринде чечим кабыл алуу болду. Үч жарым саатка созулган жолугушууда жергиликтүү тургундар тарабынан таза суу,жол тармагын жакшыртуу, электр энергиясы, ирригация маселелери жана социалдык маанидеги көйгөйлөр көтөрүлүп, жалпысынан 70 маселе каралып, алардын чечилүү жолдору талкууланды

Жооп калтыруу