2026-жылдын 14-15-май күндөрү Ат-Башы районунун Кара-Суу, Казыбек, Ак-Моюн жана Баш-Кайыңды айыл өкмөттөрүндөгү маданият үйлөрүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрдү. Иш чарага Нарын облустук соту К.Абдыкадыров, Нарын облусунун прокурору К.Кубатидинов, УКМК Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Н.Акмурзаев, ОИИБнин башчысы полковник Ж.Кочконов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана район тургундары катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө аймактарды өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу, социалдык маселелер, айыл чарба, таза суу, жол, күйүүчү май маселелери,жайыттардын пайдаланышы, үлүш жерлерин, сарайлардын документтерин бүтүрүү, БДР куруу жана электр энергиясына байланышкан көйгөйлөр талкууланды.
