2026-жылдын 25-май күнү Кытай Эл Республикасынан тарыхый мекенине ат минип чыккан этникалык кыргыз кыздар Дүйшөн кызы Ризаа менен Бейшен кызы Гүлсанат Кыргызстанга келип, аларды “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү пунктунан Ат-Башы районунун акими Мухтар Шербаев салтанаттуу тосуп алды.
Андан соң коноктор “Муз-Төр” чек ара заставасына келишип, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Ч.Абыкеев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Сатаров, Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат жана жаштар министринин орун басары А.Мадамидинов, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Шербаев жана жергиликтүү элдин катышуусунда атайын салтанаттуу иш-чара уюштурулду.
иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин улуттук каада-салттары, шырдак шыруу, жүн сабоо,боорсок бышыруу, куурма чай кайнатуу жана кыргыздын улуттук даамдарын жасоо мастер класстары көрсөтүлүп, алыстан ат арытып келген кыздарга ак тилектер айтылып, аксакал атабыз батасын берип, концерттик программа менен коштолду.
Катышуучулар этникалык кыргыздар менен байланышын чыңдоо, улуттук баалуулуктарды сактоо жана ынтымакты бекемдөө маанилүү экенин белгилешти. Бул саамаалык мекенге болгон сүйүүнүн, улуттук рухтун жана кыргыз элинин биримдигинин символу катары бааланды.
