АТ-БАШЫДА ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАР ЭСКЕРИЛДИ


Өткөн тарых жиксиз жоголбойт, аны унуткандардын келечек тагдыры тайкы.
Бүгүн, 7-ноябрь тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди.
Иш-чара борбордук аянттагы «Жеңиш» паркында өтүп, ата-бабаларга багышталып куран окутулуп, гүл чамбар коюлду.
Ага Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысы- акими Эмилбек Абдыкадыров, акимдин биринчи орун басары Максат Кадыркулов, улуу муундун өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары жана райондук мекеме жетекчилери катышты.
Район башчысы Эмилбек Абдыкадыров, Кыргыз кыргыз болгону, эчен кылымдарды арытып, башынан татаал жолдорду өткөргөн ата-бабалардын тарыхты терең түшүнүү жана алардын басып өткөн жолун эске алуу менен гана келечекке утурлай кадам таштообуз керектигин, келечек ээлерине жеткирүү ар бирибиздин милдетибиз экендигин баса белгилеп, элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде тынчтык болуусун тилек кылды.
«Биз 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары расмий белгилеп келебиз.
Бул даталар кыргыз элинин турмушунда болуп өткөн негизги тарыхый окуяларды эске салат. Биз эгемендүү Кыргыз Республикасынын пайдубалын түптөгөн ата-бабаларыбыздын жаркын элесине таазим кылабыз. Кыргыз тарыхын жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө биз өткөнгө кылчайып, келечекке көз чаптырабыз. Биз үчүн ата-бабаларыбызга таазим кылуу – тарых алдындагы ыйык милдетибиз.
Тарыхты билмейинче, келечекти көрө билүү мүмкүн эмес деп айтылат. Калети жок таамай сөз. Анын сыңарындай, эртеңки жаркын келечегибиз үчүн ар бир кыргыз жараны өз тарых-таржымалын так билип, ата-бабаларыбыз түптөп кеткен мамлекетибизди көздүн карегиндей сакташы зарыл!
Жараткан ыроологон эгемен мамлекетибиздин телегейи тегиз, келечеги кең болсун!”.
Ар бир үй-бүлөдө, жергебизде тынчтык, ынтымак жана бакубат жашоо болсун! Кыргызстанга туруктуулук жана гүлдөп өнүгүшүнө тилектешмин!»,-деди өз сөзүндө район акими Э. Абдыкадыров.

Жооп калтыруу